Өткөн жылы Кыргызстандын банк секторунда уставдык капиталдын олуттуу жогорулашы байкалып, анын жалпы өсүшү 7 миллиард 267,2 миллион сомду түздү. Муну менен коммерциялык банктардын жалпы төлөнгөн капиталы 44 миллиард 222,2 миллион сомго жетти.
Өсүштү алты банк камсыз кылды, негизги таасирди эки мамлекеттик банк көрсөттү - өз капиталын 3,7 млрд сомго "РСК Банк" жана 3,1 млрд сомго "Айыл Банк" көбөйттү.
Азия Банкы, Коммерциялык Банк Кыргызстан, АКБ Толубай жана KICB да 2022-жылы капиталын көбөйтүштү.
Ушул жылдын 15-мартында Улуттук банк Башкармасы коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жөнүндө токтом кабыл алганын кошумчалайбыз. Ага ылайык, жаңы банктар үчүн уставдык капитал 1 миллиард сом өлчөмүндө белгиленди. Ал эми 2026-жылдын 1-июлунан тарта бул талап республикада иштеп жаткан бардык банктарга тиешелүү болот.