Кыргызстандын ички карызы бир жыл ичинде 13,3 млрд сомго өстү

20.08.2021, 10:00 Акчабар
Кыргызстандын ички карызы бир жыл ичинде 13,3 млрд сомго өстү

Кыргызстандын ички карызы бир жыл ичинде 13 миллиард 251 миллион 31,9 миң сомго көбөйдү, мындай тыянактарды Улуттук банк берген маалыматтын негизинде чыгарууга болот.

Ушул жылдын 19-августуна карата Кыргызстандын мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча жалпы ички карызы (казына облигациялары жана векселдер) 59 миллиард 385 миллион 572,1 миң сомду түздү. Өткөн жылдын ушул күнүнө карата карыз 46 миллиард 134 миллион 540,2 миң сомго бааланган.

Экономика жана каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы июнь айынын аягында 4 миллиард 920,9 миллион долларга жеткен. 

Тэги: внутренний долг деньги бюджет Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу