Финансылык көзөмөл мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун акцияларын тааныды

21.06.2022, 13:04 Акчабар
Финансылык көзөмөл мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун акцияларын тааныды

Өткөн аптада Финансылык көзөмөл органы“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК тарабынан жеке чыгарылган акциялардын тогузунчу чыгарылышынын жыйынтыгын тааныды. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Акцияларды жайгаштыруу уставдык капиталды көбөйтүү максатында жүргүзүлгөн. Ошентип, 20-майда Кыргыз фондулук биржасынын биринчи рыногунда баалуу кагаздарды сатуу боюнча ири бүтүм түзүлдү. Аукциондун жыйынтыгында 12 миллион 728,4 миң сомго акция сатылды.

Кошумчалай кетсек, 13-июндан 17-июнга чейин Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматы тарабынан ломбард иштетүүгө лицензия жана жеке компанияга кызыктыруучу лотерея өткөрүүгө лицензия берилген.

Ошентип, ОсДО ломбард "Миллениум Финанс" расмий түрдө ломбард иши менен алектене алат. Ишкана ушул жылдын март айында каттоодон өткөн, анын жетекчиси Эмирлан Жакыпов.

Мындан тышкары, “Сары-Тал” ЖЧКсына кызыктыруучу лотерея өткөрүүгө уруксат берилди. Ачык булактардан белгилүү болгондой, компания дүңүнөн адистештирилбеген соода менен алектенет. Ишкананын жетекчиси Мурат Муканбетов.

Тэги: Финнадзор ценные бумаги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу