Курулуш тармагындагы дүң продукциянын 2020-жылдын январь-март айларындагы көлөмү 17 млрд 863.2 млн сом же 97.4% түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Белгилей кетсек, башкы капиталга тартылган инвестициянын көлөмү 2020-жылдын январь-март айларында 93.7% же 17 млрд 941.9 млн сомду түзгөн.
2019-жылдын январь-март айындагы башкы капиталдагы инвестициянын көлөмүнө салыштырмалуу ички булактар аркылуу каржылоо 5 % төмөндөп кеткен.
Башкы капиталга тартылган инвестициянын көлөмү Талас облусунан сырткары, башка региондордун бардыгында кыскарган.
Аймактарга тартылган инвестициялардын январь-март айларындагы көлөмү төмөндөгүчө:
Январь-мартта аймактар боюнча негизги капиталга инвестициялар
| Млн. сом | Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыздар менен | ||
---|---|---|---|---|
2019 | 2020 | 2019 | 2020 | |
Кыргыз Республикасы | 18 929,3 | 17 941,9 | 101,2 | 93,7 |
Баткен облусу | 220,7 | 192,9 | 55,1 | 86,4 |
Жалал-Абад облусу | 2 437,6 | 1 755,3 | 100,6 | 71,2 |
Ысык-Көл облусу | 5 937,2 | 5 236,9 | 101,1 | 87,2 |
Нарын облусу | 371,8 | 281,6 | 112,8 | 74,9 |
Ош облусу | 700,8 | 555,2 | 44,8 | 78,4 |
Талас облусу | 757,1 | 1 863,5 | 173,4 | 243,4 |
Чүй облусу | 2 061,7 | 1 718,8 | 102,0 | 82,4 |
Бишкек ш. | 5 910,7 | 5 814,9 | 115,0 | 97,3 |
Ош ш. | 531,7 | 522,8 | 101,6 | 97,2
|