Жыл башынан бери "Жыйынды пост" системасы аркылуу импортчулар товарларды эсепке алуу пункттарына 102 миңден ашуун коштомо эсеп-дүмүрчөктү беришкен. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу авто транспорт менен ташып келинген коштоочу кагаздардын саны 32 миң 307ге көбөйгөн.
Эске салсак, Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 1-январынан тартып "Чалдыбар", "Ак-Тилек", "Ак-Жол", "Чоң-Капка" товарларды эсепке алуу пункттарында, "Аламүдүн", "Кара-Балта", "Бишкек-1", "Кара-Суу" темир жол станцияларында, "Манас" жана "Ош" аэропортторунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнөн Кыргызстандын аймагына ташылып келген товарларды эсепке алууда "Жыйынды пост" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдаланууда.