Кыргызстанда январь-июль айларында мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 9 миллиард 561,7 миллион сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,9%га көп. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Ошол эле учурда, ушул жылдын июль айында 2021-жылдын июлуна салыштырмалуу мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 16,5%га, ал эми өткөн айга салыштырмалуу 42,4%га өскөн.