Январь-июнь айларында Мамлекеттик салык кызматы 23 миллиард 828,4 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миллиард 979,1 миллион сомго көп. Өсүү темпи 126,4% түздү.
“Белгиленген план 588,4 млн сомго ашыкча аткарылды”, - деп айтылат маалыматта.