Улуттук банктын аффинирленген алтын куймасынын унциясы 15-октябрдан 18-октябрга чейин 2340 сомго төмөндөдү. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Бүгүнкү күндө алтын куймасынын куну 156 миң 4 сомду түзөт. Үч күн мурун ушундай эле салмактагы куйманы 158 миң 213 сомго сатууга мүмкүн болгон.