Үстүбүздөгү жылдын үч айында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттук бажы төлөмдөрү 4 миллиард 720 миллион 436,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу январь-март айларындагы мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө алдын-ала отчетто айтылат.
Маалыматка ылайык, эң көп түшүүлөр Орусиядан катталды - 4 миллиард 214 миллион 16 миң 965 сом, эң азы Армениядан - 40 миллион 767 миң 972 сом.
Мындан тышкары, Орусия Кыргызстанга бажы төлөмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 50 миң 591 сом өлчөмүндө пайыз төлөп берген.