«Тазалык» ишканасынын экс-директору Рыспек Сарпашев кармалды

23.03.2023, 10:50 Акчабар
«Тазалык» ишканасынын экс-директору Рыспек Сарпашев кармалды

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын экс-директору Рыспек Сарпашев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында С.Р.А. карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

"Такталгандай, кармалган С.Р.А. 2017-2018-жылдары "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезде өзүнүн жеке пайдасы үчүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Аталган кылмыш ишинин алкагында Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалып, корутундусуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Тазалык" МИнин бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

"Мындай аракеттердин натыйжасында атайын техниканын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги болгондугу, таштанды чыгарууга жооптуу тиешелүү муниципалдык кызматтардын туура эмес иштешине түрткү болгон. Жарандар таштандылардын көп топтолуп, өз убагында чыгарылбай жаткандыгы боюнча бир нече жолу арызданышкан", - деп белгилешти УКМКдан.

Учурда С.Р.А. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тэги: новости Кыргызстана МП «Тазалык»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу