Экономика министринин кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

30.09.2020, 12:15 Акчабар
Экономика министринин кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Экономика министрлигине караштуу банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары пара берип жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 29-сентябрында Коопсуздук кеңештин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чечимин аткаруунун негизинде,УКМК ККК кызматтык бөлмөсүнөн кызматтагы адамга 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурунда Экономика министрлиги алдындагы банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары «Б.Э.А.» кармалды.

Такталгандай, кармалган адам банкроттук уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган. Департаменттин атайын администратору ишкананын активинин наркын төмөндөтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге катышуудан баш тарткандан кийин, анын функцияларын көзөмөлгө алынган кызматкерге өткөрүп берүү максатында ага карата банкроттук жол-жобону киргизүүгө, акыркы ишканалардын биринин атайын администрациясынын ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен кетирүү үчүн көрсөтүлгөн каражаттарды сунуштаган.

Мындан сырткары, кармалган «Б.Э.А.» кызматтык бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда 1 миллион 331 миң 300 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган, ал акча каражаттарынын кайдан келгендиги аныкталып жатат.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси («Пара берүү») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

 

Тэги: взятка Департамент по делам банкротства АКС ГКНБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу