Бишкектиктердин электр энергияга болгон карызы 12 млн сомдон ашты

27.07.2021, 15:30 Акчабар
Бишкектиктердин электр энергияга болгон карызы 12 млн сомдон ашты

"Түндүкэлектр" электр энергиясын көзөмөлдөө жана эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму Бишкекте дебитордук карыз үчүн 2,3 миңден ашуун абонентти дистанциялык түрдө өчүрөт, алардын карызы 12 миллион сомдон ашканы маалым болду.

Буга байланыштуу компания абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат. Ыңгайлуулук үчүн "Түндүкэлектр" уюлдук тиркемесинин функциялары, ошондой эле бөлүштүрүүчү компаниялардын сайтында "Абоненттердин балансы" бөлүмү иштейт, анын жардамы менен бардык абоненттер, анын ичинде үй тиричилик жана өнөр жай абоненттери каалаган убакта жеке эсеп абалын көрө алышат.

Ошондой эле, абоненттер өз балансын күнү-түнү иштеген "Түндүкэлектр" колл-борборуна 1209 номерине чалып же 0551001209 WhatsApp номерине билдирүү жазып, билип алса болот.

Тэги: ОАО «Северэлектро» дебиторская задолженность электроэнергия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу