Муниципалдык ишканалар мэрияга 1,4 млрд сом карыз

08.10.2021, 13:23 Акчабар
Муниципалдык ишканалар мэрияга 1,4 млрд сом карыз

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев журналисттерге билдиргендей, бүгүнкү күндө мэриянын дебитордук карызы 1 миллиард 364 миллион сомду түзөт. Анын айтымында, бул акча айрым иштерди каржылоого кеткен. Бирок, бул иш чынында аткарылганбы же жокпу өзү билбейт.

"Бишкекасфальтсервистин" карызы 874 миллион, "Бишкекзеленхоз" 40 миллион сом, "Бишкексвет" 253 миллион сом, "Тазалык" 106 миллион сом карыз", - деди мэр.

Анын айтымында, ар кайсы жылдары бул ишканалар жумуштарды аткарышкан, бирок ушул кезге чейин кызматтар муниципалдык кызмат департаментине алардын аткарылышы тууралуу сертификаттарды тапшыра элек.

"Бул иштер кантип жасалгандыгы белгисиз, балким, алар эл көзүнө жасалгандыр. Же, балким, жумуш такыр аткарылган эмес", - деди мэр.

Мэриянын басма сөз кызматы кошумчалагандай, карызды жокко чыгарса болот, бул үчүн карызга баткан муниципалдык ишканалар иштин аткарылышы боюнча актыларды түзүп, тапшырышы керек.

Тэги: мэрия Бишкека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу