2021-жылдан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык чет элдик паспорт берүүнү баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов билдирди.
Учурда ведомстводо 2005-жылкы үлгүдөгү паспортту жеткирүү боюнча келишим бар. Жаңы үлгүдөгү паспорттун берилээр убактысы, 2018-жылы өткөн тендердин чырына байланыштуу жылып жатат. Бирок, декабрдын аягына чейин бул маселе чечилээрин Мамбетов билдирди.
Жаңы биометрикалык үлгүдөгү паспорттор 2021-жылдан баштап бериле бштайт.