Кечээ, 4-февралда өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча 10 жыл болгон мамлекеттик казына облигациялары боюнча кирешелүүлүк 12,5% түздү.
Аукциондо бюджетке 700 млн сом тартуу пландалган. Ошол эле учурда, 2021-жылдын 24-декабрында өткөрүлгөн акыркы аукционго салыштырмалуу облигациялардын кирешелүүлүгү 11,8%дан 0,7 пайыздык пунктка жогорулаган.
Кошумчалай кетсек, 7-февралда Улуттук банк 10 жыл болгон МКОлорду жайгаштырат. Бул жолу бюджетке 300 млн сом тартуу пландалууда.