Чылым чегүүгө каршы мыйзам бизнеске сокку урат

13.03.2019, 15:00 Акчабар
Чылым чегүүгө каршы мыйзам бизнеске сокку урат

Чылым чегүүгө каршы  мыйзам жаман адаттан арылтууга эмес, бизнеске сокку  жасайт. Мындай пикирин  пресс-конференцияга катышкан Кыргызстандагы соода, кызмат көрсөтүү жана  рынок Ассоциациясынын​  тармагынын өкүлдөрү  айтып чыгышты. 

 «КР жарандардын ден соолугун  чылым чегүүдөн жана айлана чөйрөдө тамеки (аэрозолдук) түтүнөн коргоо» мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңештин депутаттар тобу тарабынан сунушталып жатат. Бирок, бул мыйзам долбоору олуттуу оңдоолого муктаж деген пикирде  алар.  

Мыйзамдын бир нормасында тамеки жана электрондук сигарети соода, коомдук тамактануу жайылары менен рыноктордо имараттарда сатууга тыюу салынууда. 

«Бул мыйзамдын мааниси өлкөдө баардык жерде тамеки сатууга болбойт дегенди билдирет. Буга мектеп, саламаттык сактоо, маданият, илим жана спорт мекемелерине 100 радиуста жайгашкан баардык соода түйүндөрү кирет.  Бишкекте эле соода түйүндөрдүн  80% ушундай абалда жайгашкан. Соода түйүндөрүн ачык текчелерден алып салуу  айтылууда. бул дагы кошумча чыгымдарды жаратууда. 

Биз баардык нормаларды толук карап чыгуусун талап кылабыз. Ал эми ачык жерден сатуудан алууну жана дүкөндөрдөгү  текчелерди кайра жасоого кеткен чыгымдар менен кардарларды жогортуудагы  зыяндарды компенсация жасоону талап кылабыз. Биз жумушчу орундары жана ишкерлердин тагдыры тууралуу айтып жатабыз. Биз четте карап турбайбыз» — деп билдирди Кыргызстандагы соода, кызмат көрсөтүү жана  рынок Ассоциациясынын  директору  Сергей Пономарев.

Соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү мыйзам долбоорун иштеп чыгып жаткандар биздин пикирди эске албай жатат деп билдиришти.  Алар одоноо каталар, жөнгө салуу мехназимдери иштелбеген  мыйзам долбоору артка кайтарылып, алардын баардык сунуштары эске алынуусу керек деп билдиришти. 

Эгерде мыйзам бул кемчиликтер менен кабыл алынса, анда тамеки чкендер эмес, аны мыйзамсыз көмүскөдө саткандардын саны өсүп, контрафактык товардык  айлануу  күч алат деген божомолду билдиришти. 

 

Тэги: курение законопроект бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу