Илияз Ташбаев Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
2017-жылдын октябрынан ушул жылдын апрелине чейинки мезгилде Ташбаев Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы кызматын ээлеп келген.