Улукбек Кармышаков министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, ал мурунку кызматынан бошотулду.