Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты Улуттук банк “Акчабарга” тастыктады.
Маалым болгондой, буйрукка 2022-жылдын 30-августунда кол коюлган.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Акчабарга” берген маалыматына караганда, ал өз арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.
Нурбек Жеңиш бул кызматты 2014-жылдын 22-августунан бери аркалап келген.