Замирбек Аскаров: ЕЭС – бул өзүнүн иш жөндөмдүүлүгүн далилдеп, жүзөгө ашкан долбоор

02.12.2019, 16:08 Акчабар
Замирбек Аскаров:  ЕЭС – бул өзүнүн иш жөндөмдүүлүгүн далилдеп, жүзөгө ашкан долбоор

Евразия экономикалык биримдиги – бул бүгүнкү күндө тышкы факторлордун таасирине карабастан, иштеп баштаган биринчи беш жылдыгында эле иш жөндөмдүүлүгүн далилдеп, жүзөгө ашкан долбоор. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге интеграцияланышындагы негизги жыйынтыктары жана келечеги» аталышындагы конференциянын ачылышында билдирди. 

«Евразия экономикалык биримдигинин негизги максаты – биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн товарлардын бирдиктүү базарына, кызмат көрсөтүүгө, капиталга жана жумушчу күчүнө жеткиликтүүлүгүнүн эркин болушун камсыз кылуу. Бүгүнкү күндө биз толук ишеним менен алдыга койгон максаттарга жеткенибизди айта алабыз.  ЕАЭБ олкөлөрү товарларды алып кирүү бажы төлөмсүз ишке ашып жатат, ал эми татаал делген маселелер боюнча биз диалог жолу менен бир пикирге келүүдөбүз. Мисалы, ушул жылдын апрель айында ата мекендик ветеринардык көзөмөл системасынын эквиваленттүүлүгүнүн таанылышына жетиштик. Бул ЕАЭБ ишканаларынын реестрине катталган биздин ишканаларга жакшы таасир этери талашсыз. Бул реестрге ата мекендик 80 ишкана кирген. Акырындык менен тоскоолдуктар жоюлууда, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп жатат. Бул жылы өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 7,2 миллиарддан ашуун АКШ долларына жетери күтүлүүдө. Жылдан-жылга айыл чарба продукцияларын, электр энергиясын жана даяр болуп тигилген кийимдерди экспорттоонун көлөмү өсүүдө. Ошол эле учурда импорт төмөндөп жатат», - деп белгиледи Замирбек Аскаров. 

Вице-премьер-министр ошондой эле макулдашуу менен эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүүдө мигранттардын эркин жүрүүсү тууралуу жана билим менен социалдык кепилдик жөнүндөгү документтердин таанылышы Кыргыз Республикасынын утушу болгонун кошумчалады. 

Замирбек Аскаровдун айтымында, мына ушул артыкчылыктарды үчүнчү өлкөлөр көрүп, ЕАЭБге кызыгуусун билдирүүдө. 

«Вьетнам, Сингапур жана Иран менен эркин соода аймагы жөнүндө келишим түзүлдү. Бул Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө, анын ичинде  Кыргыз Республикасына мүмкүнчүлүктөрдү берет, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтык кеңейет», - деди вице-премьер-министр.

Тэги: ЕАЭС Кыргызстан Замирбек Аскаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу