Мугалимдердин эмгек акысын автоматташтырылган система эсептейт

17.10.2019, 13:20 Акчабар
Мугалимдердин эмгек акысын автоматташтырылган система эсептейт

Билим берүү системасындагы кызматкерлердин айлык акысын эсептөөнү автоматташтырылган системага которуу пландаштырылууда. Министрлик бул программаны иштеп чыгуу үчүн учурда техникалык талаптарды даярдап жатат. Бул тууралуу аталган тармактын басма сөз кызматы билдирет. 

Билим берүү тутумундагы кызматкерлердин айлык акысын автоматташтырууга которуу менен буга чейин аныкталып келген негизсиз маяна алган “өлүү жандарды” жокко чыгарууга жана эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт.

Учурда борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери айлык акыны которуу эсебин кагаз түрүндө жүргүзүп келет. Айрым район, шаарларда эмгек акыны төлөө боюнча ченемдик-укуктук актылар бузулган учурлар кездешет.

Эсеп палатасы, прокуратура, каржы полициясы текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары катталганын тастыктайт. Көбүнесе эмгек акынын жана стимулдук фондду негизсиз которуу, каражатты максатсыз пайдалануу жана бухгалтердик эсепти туура эмес жүргүзгөн учурлар аныкталган. Бул билим берүү кызматкерлерине эмгек маянасын эсептөөдөгү бирдиктүү системанын жоктугун билдирет.

 

Тэги: Минобразования зарплата

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу