Ушул жылдын январь-май айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 22 миң 927 сомду түздү. Маяна 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,8%га өскөн.
Бирок керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу көлөмү 6,2%га гана өскөн. Чет элдик валютада орточо айлык 263,8 долларды түздү.
Ошол эле учурда Бишкек шаарында эмгек акы республикалык орточо көрсөткүчтөн 21,9%га жогору.
Январь-май айларында экономикалык иштин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда орточо айлык чегерилген эмгек акынын өсүү темпинин өсүшү байкалган.
Эң олуттуу өсүш саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө чөйрөсүндө - 52,6%, искусство, оюн-зоок жана эс алуу - 48%, билим берүү - 28,3%, тоо-кен өндүрүшүндө - 24,3% байкалган.
Былтыркы жылдын январь-май айларына салыштырмалуу айлык акынын өсүшү гана эмес, ишмердиктин түрлөрү боюнча да өзгөрүүлөр болду. Алсак, 2021-жылы эң жогорку маяна маалымат жана коммуникация тармагында белгиленсе, быйыл биринчилик тоо-кен тармагына өттү.