Өлкөдөгү гипсокартон заводу ички рыноктун 40%ын ээлейт

25.05.2022, 09:15 Акчабар
Өлкөдөгү гипсокартон заводу ички рыноктун 40%ын ээлейт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында гипстин негизинде курулуш материалдарын чыгаруучу заводго “Мега Юнион Индастри” жоопкерчилиги чектелген коомуна барды. 

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун, өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун, венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун, ошондой эле мамлекеттик банктардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте ишканалардын абалы менен таанышып, жетекчиги менен болгон көйгөйлөрдү талкуулады.

Бакыт Төрөбаев ата мекендик өнөр жай ишканаларына колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

“Каржы мекемелерине, мамлекеттик банктарга, адистештирилген структураларга тиешелүү тапшырмалар берилди. Бул кадамдардын баары жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү стимулдаштырууга, экспорттук потенциалды жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Аймактарда өнөр жайды өнүктүрүү биз үчүн приоритеттүү мааниге ээ. Мындай тапшырмалар Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан коюлган”, - деди ал.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу максатында мунай өндүрүүнү көбөйтүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды. 

Гипстин негизинде курулуш материалдарын чыгаруучу завод 2009-жылдан бери иштеп келет. Гипсокартон өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 2 миллион м2ге жакынды түзүп, бул республика боюнча гипсокартонду сатуунун жалпы көлөмүнүн 40%ын камтыйт. Экинчи линияны монтаждоо 90% аяктады, бул дагы 3 млн м2 көлөмдөгү өндүрүшкө мүмкүндүк берет.

Тэги: гиспокартон производство Кыргызстан стройматериалы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу