Өзгөндө 37 млн сомго поликлиника курулууда

06.09.2021, 12:10 Акчабар
Өзгөндө 37 млн сомго поликлиника курулууда

Өзгөн шаарында курулуп жаткан үч кабаттуу жаңы поликлиника ушул жылдын ноябрь айында бүтөт. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн курула баштаган имарат 2020-жылдын аягында башталган. Буга чейинки поликлиника авариялык абалда болчу.

Жаңы курулуп жаткан үч кабаттуу имаратка шаардагы жалпы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, эски имаратта жайгашкан шаардык стоматология бөлүмү көчүрүлөт. 

Оорукана 37 миллион сомго бааланган.

Тэги: поликлиника долбоор Өзгөн

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу