Жагымдуу жаңылык! MegaPay’де паспортту даярдоого онлайн-төлөм жеткиликтүү

31.03.2022, 12:46 Акчабар
Жагымдуу жаңылык! MegaPay’де паспортту даярдоого онлайн-төлөм жеткиликтүү

Абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору актуалдуу санариптик мамлекеттик кызматтардын спектрин кеңейтүүнү улантууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен компания Кыргызстандын паспортторун даярдоого MegaPay тиркемесинде төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.

Эми кассада кезек күтпөйсүз! ID-карта (2017-жылкы үлгүдөгү КР жаранынын паспорту) жана жалпы жарандык паспортту (2020-жылдагы үлгү) берүү кызматы үчүн төлөмдү экранды бир нече жолу басуу менен эле жүргүзсөңүз болот.

Документтерди тапшыргандан кийин жана Калкты тейлөө борборунун кызматкерлеринен паспортту даярдоо үчүн документтерди кабыл алышкандыгы боюнча кагазды алган соң кызмат үчүн төлөмдү MegaPay’де (тиркемени Google Play же App Store’дон көчүрүп же жаңылоо керек) эки жол менен аткарса болот.

№1 жолу:

  •  «QR-төлөм» бөлүмүндө квитанцияда (КТБнан берилген кагаз) көрсөтүлгөн QR-кодду сканерлеңиз;
  •   төлөм үчүн сумманы жазыңыз;
  •   төлөмдү тастыктаңыз.

№2 жолу:

  • «Төлөм» бөлүмүнөн «Мамлекеттик төлөмдөр» сервисин тандап, андан кийин «КРнын паспорттору үчүн төлөмгө» өтөсүз;
  •  квитанцияда көрсөтүлгөн төлөмдүн кодун жана сумманы жазыңыз;
  • өлөмдү тастыктоо.

Даяр!

MegaPay’де ID-карта төлөм кызматтарын КРнын жарандары пайдалана алышат: биринчи жолу паспорт алып жаткандар, жарактуу мөөнөтүнүн бүтүп калгандыгына байланыштуу документин алмаштырып жаткандар, паспортун жоготуп же жараксыз абалда болгонуна байланыштуу паспорт алып жаткандар, аты-жөнүн өзгөрткөндөр.

КРнын 2020-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорту үчүн да MegaPay’де төлөө жеткиликтүү: биринчи жолу паспорт алып жаткандар, жарактуу мөөнөтүнүн бүтүп калгандыгына байланыштуу документин алмаштырып жаткандар, аты-жөнүн жана улутун алмаштыргандар, жоготуп же жараксыз абалда болгонуна байланыштуу паспорт алып жаткандар.

MegaPay – сиздин жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз.

Тэги: Мегаком MegaCom

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу