Жалал-Абад: Мугалим 10 миң сомдон ашык пара менен кармалды

17.08.2021, 11:00 Акчабар
Жалал-Абад: Мугалим 10 миң сомдон ашык пара менен кармалды

Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде иштеген "Динара" аттуу мугалим студенттердин экзамендерин бүтүрүп берем деп акча талап кылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖОЖ окутуучусу факультеттин деканынын кабылдамасында 10 миң 500 сом акчаны мыйзамсыз алгандыгы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Д. студенттердин аты-жөнүн жана алардан алган акчанын суммасын бир барак кагазга жазып, ороп койгон жеринен өз ыктыяры менен алып, тергөө кызматына тапшырган жана атайын тергөө аракетинин жүрүшүндө далил буюм катары алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча мугалимге карата Жазык кодексинин 238-беренеси (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) боюнча айыбы угузулуп, өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди.

Тэги: мугалим коррупция экзамен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу