Жалал-Абадда 45 млн сомго парк курулууда

05.08.2021, 16:00 Акчабар
Жалал-Абадда 45 млн сомго парк курулууда

Жалал-Абад шаарынын "Спутник" кичи районундагы сегиз гектар жерге парк курула баштады. Бул тууралуу "Акчабарга" Жалал-Абад шаардык капитал курулуш башкармалыгы билдирди.

“Жаңы курулуп жаткан паркта жашоочулар үчүн түнкү жарыктандыруу жана веложолдор да болот. Андыктан, аянт бир гана балдар үчүн эмес, жалпы тургундарга ылайыкташкан. Анын курулушуна 45 миллион сом каражат сарпталып, буюртманы Жалал-Абад шаардык капитал курулуш башкармалыгы берген”, - деди аталган мекеменин жетекчиси Арапбай Маматжан уулу.

Эске салсак, буга чейин Жалал-Абад шаарында эки чоң парк курулуп пайдаланууга берилген.

 

Тэги: парк курулуш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу