Жалал-Абадда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

24.08.2021, 15:00 Акчабар
Жалал-Абадда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Жалал-Абад облусунда айына 40 миң адамды кабыл ала турган калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу “Акчабарга” Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору шаардагы Алыкулова көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан. Анын аянты 700 чарчы метрди түзөт. Майыптыгы бар адамдар үчүн дагы шарттар каралган. Электрондук кезек күтүү орнотулуп, ишти видеокамералар көзөмөлдөйт.

Буга чейин Жалал-Абадда 2011-жылы ачылган жалгыз калкты тейлөө борбору жарым миллиондон ашык тургунга мамлекеттик кызмат көрсөтүп келген.

Тэги: калкты тейлөө Жалал-Абад

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу