Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 75 орунга ылайыкташылган заманбап төрөт үйү курулат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ 6-мартта заманбап төрөт үйүнө капсула салуу аземи өттү. Ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
“Жеке ишкерлер 270 миллион сом акча каражат бөлүштү. Жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын бөлүп берди. Курулуш иштерин ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механикалаштырылган базасы колго алды. Төрөт үйдү ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда”, - деп айтылат маалыматта.