Жалал-Абадда мисте фестивалы өтөт

27.08.2021, 16:10 Акчабар
Жалал-Абадда мисте фестивалы өтөт

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 28-август күнү “Ноокен - мистенин мекени” аталышындагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу “Акчабарга”аталган райондун акими Нурлан Шаршеналиев билдирди.

Саамалык мистени экспорттого жол ачууну көздөөдө.

“Кыргызстан боюнча мистенин эң көп аянты Ноокенде жайгашкан. Бирок Ноокендин мистеси экспортко чыга элек. Быйыл мистенин түшүмдүүлүгү былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн. Ноокендеги эки токой чарбасында былтыркы жылы мисте 200-300 тоннанын тегерегинде жыйналган болсо, быйыл анын түшүмү 800 тоннага жетти. Ошондуктан аны таанытуу жана экспортко жайылтуу үчүн фестиваль уюштурдук", - деди аким Нурлар Шаршеналиев.

Маалым болгондой, фестиваль онлайн илимий конференция жана бизнес-форум менен уланат. Ага Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Орусиядан ишкерлер катышат. 

Фестивалда мистенин көчөттөрү да сатылат.

Ноокендеги мистени негизинен Кыргызстандын ичинде буйрутма кылышат. Учурда анын килограммы орточо 750 сомдон 850 сомго чейин сатылууда.


 

Тэги: мисте фестиваль Ноокен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу