Жапаров Бишкек-Кара-Балта жолун бүтүрүүнү тапшырды

15.02.2022, 11:41 Акчабар
Жапаров Бишкек-Кара-Балта жолун бүтүрүүнү тапшырды

Бүгүн, 15-февралда президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин айтымында, учурда Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун жалпы узундугу 52,5 чакырымдан калган 7,4 чакырымын реконструкциялоо иштери уланууда. Калктуу конуштардагы реконструкцияланган жолдун негизги унаа жүрүүчү бөлүгү алты тилкелүү болуп, туурасы 3,5 метрди түзөт.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысына Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору көрсөтүлдү. Реконструкциялоо долбооруна ылайык, автожол кеңейтилип, ага жол кайчылаштары, тротуарлар жана жол үстүнөн адамдар өтүүчү өтмөктөр курулат. Айланма жолдун узундугу 34 чакырым. Негизги бөлүгү ортодо бөлүүсү менен 4 тилкелүү болот. Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоого инвесторлорду тартуу пландалууда.

Жапаров ошондой эле Профсоюзная көчөсүндөгү жол куруу долбоору менен таанышты. Долбоорду үстүбүздөгү жылы толугу менен бюджеттик каражаттардын эсебинен ишке ашырып баштоо пландалууда.

Узундугу 8,5 чакырымды түзгөн жол Бишкек-Кара-Балта унаа жолуна альтернатива болуп, аны жеңилдетери күтүлүүдө.

Президент Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү, ошондой эле, унаа транспорттордун үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылын камсыз кылуу максатында Бишкектин түндүк айланма жолунун жана Профсоюзная көчөсүн бойлой айланып өтүүчү жолдун курулуш долбоорунун ишин тездетүүнү тапшырды.

 

Тэги: Президент Садыр Жапаров Бишкек-Кара-Балта унаа жолу Бишкектин түндүк айланма жолу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу