Жапаров кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырды

28.02.2022, 16:33 Акчабар
Жапаров кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырды

Президент Садыр Жапаров дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу элге кайрылуу жасап, анда акчасы бар кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырды.

Мамлекет башчысы Фасебук баракчасы аркылуу жасаган кайрылуусунда, каражатты алтынга салуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруу абдан маанилүү экенин белгилеген.

“Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик. Ар бир валютанын куну качат. Биздин алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар. 1 граммдан баштап, 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот, чек жок. Башка өлкөлөргө алып чыгып кетүүгө да чек жок. Эч кандай төлөмдөр да жок, ушундай шарт түзүп койдук. Капиталыңарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар. Ошол эле Улуттук банк сактап берет же ар ким кайда сактаса өзү билет. Алтын эч качан кунун жоготпойт. Керек болсо кайсы убакта болбосун, кайра эле Улуттук банкка сатып жиберсеңиздер болот. Улуттук банк учурдагы базар баасы (кардар сатып жаткан маалда наркы кайсы баада болсо ошол баа) менен сатып алат”,- деп белгиленген Жапаровдун кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, 28-февралда Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттаган. Учурда Бишкектеги коммерциялык банктар долларды 94 сомдон сатып алып, 96-97 сомдон сатышууда. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда долларды сатып алуу 93,41 сом болсо, сатуу 96,32 сом болууда.

Тэги: Президент Садыр Жапаров алтын АКШ доллары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу