Жапаров Стамбулда өтүүчү ТМКК 8-саммитине катышат

10.11.2021, 16:30 Акчабар
Жапаров Стамбулда өтүүчү ТМКК 8-саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 11-12-ноябрда, Түркиянын Стамбул шаарына иш сапары менен барат. Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" темасындагы сегизинчи жыйынына катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, саммиттин алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү чечимине кол коюу күтүлүүдө. Жаңы аталыш уюмдун эл аралык аренадагы көз карашын бекемдөөгө оң таасирин тийгизип, анын ишмердик чөйрөсүнүн кеңейишине түрткү болору айтылууда.

Ошондой эле, жыйында түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта артыкчылыктуу тармактар боюнча кызматташтыгын тереңдетүүнүн жол картасы болгон "Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040" стратегиялык документи кабыл алынат.

Сапардын алкагында Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Тэги: Жапаров Түркия саммит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу