Жапаров: тоо-кен тармагынан бюджеттин кирешесин көбөйтүү зарыл

21.10.2021, 18:00 Акчабар
Жапаров: тоо-кен тармагынан бюджеттин кирешесин көбөйтүү зарыл

Азыркы учурда, тоо-кен тармагынан ай сайын мамлекетке эки млрд сомдон ашык каражаттар төлөнүп жатат. Алдыда бул сумманы бир нече эсе көтөрүшүбүз керек. Ошондо биз пенсия, пособия, айлыктарды да бир кыйла көтөрө алабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын республикалык кеңешмесинде билдирди. 

Маалым болгондой, жыл сайын тоо-кен тармагынын мамлекетке болгон салымы өсүүдө. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бул тармактан республикалык бюджетке 12,9 млрд сом төлөнсө, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 18,2 млрд сом төлөнгөн. 2021-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча бюджетке 12,7 млрд сом келип түшкөн.

Жыйында Жапаров “Кумтөр” кенин мисал келтирип, сырткы башкаруу киргизилгенден тарта аталган кенде кыргыз элинин кызыкчылыгына багытталган иштер жүрүп жатканын белгиледи.

"2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому геологиялык чалгындоого дүң кирешеден 4 пайыз аз каражат сарптаса, анын айырмасы, болжол менен 15-16 млн АКШ доллары болот экен, аны салык катары республикалык бюджетке төлөмөк, бирок төлөгөн эмес. Тышкы башкаруу киргизгенден кийин бул салыктын түрү төлөнө баштады, азыркы учурда 500 млн сом республикалык бюджетке которулду", - деди Жапаров.

Тэги: Тоо-кен бюджет Кумтөр киреше

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу