Жапониядан 16 IT компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга келет

28.02.2023, 16:05 Акчабар
Жапониядан 16 IT компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга келет

Жапониянын 16 IT компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга келет. Алар кыргызстандык ишкерлер менен жолугушуп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-мартта IT компаниянын өкүлдөрү келери күтүлүүдө. JETRO (Жапон тышкы сооданы өнүктүрүү уюму) кеңсесинин кызматкерлери менен бирге алар борбор калаанын университеттерин кыдырып, IT форумуна жана “Central Asian Tech Awards” сыйлыгын тапшыруу аземине катышат. Ошондой эле, ата мекендик компаниялар менен бир нече жолугушууларды өткөрүшөт.

“Бул сапардын максаты - эки өлкөнүн IT компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, маалыматтык технологиялар тармагында жергиликтүү жогорку квалификациялуу кадрларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө. Кыргызстан илим жана математика тармагында адам ресурстары үчүн чоң потенциалга ээ”, - деп айтылат JETROнун билдирүүсүндө. 

Жапон тышкы сооданы өнүктүрүү уюму уюштуруп жаткан бул жолугушуу ата мекендик IT компаниялар өткөн жылдын күзүндө Жапонияга баргандан кийин пландалган. Аталган сапарда япониялык компанияларга Жогорку технология паркынын артыкчылыктары жана жетишкендиктери тааныштырылган. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу