Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык жарыш өтөт

04.09.2019, 13:30 Акчабар
Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык жарыш өтөт

15 сентябрда “Ак илбирсти сактайбыз” аталыштагы биринчи Эл аралык кайрымдуулук жарыш өтөт. Бул иш-чара КР Өкмөтүнүн колдоосу менен Nomad Sport компаниясы КР Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте өткөрүп жатат. 

Жарыштын жалпы байге фонду 4.5 млн. сомду түзөт. Катышуучулардан алына туруучу баштапкы взнос 200 сомдон – 1500 сомго чейин чуркоо аралыгына жараша алынат. Алынган взностун 50% Ак илбирсти сактоо боюнча программага (GSLEP) өткөрүлүп берилет. Ушул эле акчага Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына коюулучу камераларды алуу пландалууда. 

Чуркоого 20 мамлекеттин ичинен Орусия, Казахстан, Өзбекстан, Тажикистан, Украина, Беларусия, Франция, Италия, Турция, Улуу Британия, Түштүк Корея, Индия, БАЭ, АКШ, КЭДР, Кирибат, Түштүк Георгия жана Сандвич аралдары, Молдавия жана Грузия мамлекеттеринин спорт сүйүүчүлөрүнөн тарта, профессионалдуу спортчулары катыша алышат.  
Андан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын катышуусу үчүн өзүнчө аралык каралууда. Жалпысынан чуркоого төрт: 1 км, 5 км, 14 км и 21,1 км аралык каралган.

Катышуучулардын жаш курагы 12ден 65 жашка чейин жана андан жогору болсо болот. 

Ар бир катышуучуга финиш медалы ыйгарылат. Учурда 2 миңге жакын катышуучу катталды. 

 

Тэги: благотворительный забег призовой фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу