Токмокто жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады

03.11.2022, 10:55 Акчабар
Токмокто жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады

Шалаакылык мамиледен улам Токмок шаарынын тургундары жылуулуксуз калышты. Бул тууралуу депутат Медербек Саккараев парламент жыйынында билдирди.

Саккараевдин айтымында, учурда бюджеттен Токмок шаарынын калкына жана 18 бюджеттик мекемени жылуулук менен камсыздоого акча бөлүнгөн эмес. Мындан улам жылуулук берүүнүн үзгүлтүккө учуроо маселеси курч турат.  

“Карыз 40 млн сомду түзөт. Бул сумма өлкөнүн орто мөөнөттүү саясатына ылайык тарифтердин айырмасы үчүн мамлекет тарабынан компенсация болуп саналат. Бул компенсациялар мамлекеттик бюджеттен жыл сайын төлөнүп турган. Эмне үчүн аткаминерлердин шалаакылыгынан эл кыйналышы керек”, - дейт ал.

Депутат президенттик аппараттан бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну суранды.

 

Тэги: новости Кыргызстана Токмок Депутат ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу