2019-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңеш жана президенттик аппараттын чыгашасы 271 млн сомду же 3.8 млн $ түзгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.
Жогорку Кеңештин чыгашасы 118.9 млрд сомду түзүп, анын ичинен 64.2 млн сом - эмгек акыга, 12.3 млн сом - социалдык фондко бөлүнгөн взностун суммасын түзгөн.
Президенттин башкаруу ишинин чыгашасы - 130.2 млн сомду, анын ичинен 41.3 млн сом товар сатып алууга жана кызматтарга жумшалган. Башкаруу кызматында эмгектенгендердин айлык акысы - 34.2 млн сомду түзгөн. Президенттик аппаратта иштеген аткаминерлердин жана президенттин эмгек акысына 10.7 млн сом жумшалган.