Жыл башынан бери 18 миңден ашык субъект ККМди колдонууга өттү

06.04.2022, 18:11 Акчабар
Жыл башынан бери 18 миңден ашык субъект ККМди колдонууга өттү

Кыргызстанда 18 миңден ашык субъект контролдук-кассалык машинаны колдонууга өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.

Анын айтымында, салык кызматы тарабынан акыркы үч айдан бери чарбалык субъекттердин контролдук-кассалык машиналарды колдонуусу боюнча жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында мындай көрсөткүчкө жетишкен.

“Бүгүнкү күндө республика боюнча 45 миң 35 контролдук-кассалык машина колдонулат, анын 22 миң 173 – аппараттык ККМ жана 22 миң 862 – программалык ККМ”,- деди Кыдыргычов.

Айта кестсек, Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү субъекттерди жергиликтүү салык органдарына кайрылууга чакырат.

Учурда эки типтеги ККМ колдонулат – аппараттык жана программалык.

  • Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эстутуму менен кадимки кассалык аппарат.
  • Программалык ККМ – смартфонго, планшетке же компьютерге акысыз орнотулган тиркеме түрүнө ээ жана аппараттык ККМ үчүн эң жеткиликтүү альтернатива болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек принтерин сатып алуу ишкерге жетиштүү.

Программалык ККМ Play Маркет ("Онлайн ККМ" тиркемеси) аркылуу смартфонго акысыз орнотулат. Аппараттык ККМди техникалык тейлөө борборлорунан сатып алууга болот, бүгүнкү күндө алардын саны14 түзөт.

Мындан тышкары," Керемет банк", "РСК банк" жана "Айыл Банк" заманбап ККМди POS орнотулган терминалы менен акысыз беришет.

Тэги: ККМ Мамлекеттик салык кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу