Жыл башынан бери 556 үй-бүлө ипотекага үй алган

25.04.2022, 12:58 Акчабар
Жыл башынан бери 556 үй-бүлө ипотекага үй алган

Жыл башынан бери “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагында 556 үй-бүлө турак жайлуу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каржылоого Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 1 млрд 347 млн сом жумшалган.

“Турак жай программасын каржылоо башталгандан бери, тагыраак айканда, 2021-жылдын октябрь айынан бери өлкө боюнча 1 миң 288 үй-бүлө үйлүү болуп, бул максатка 2 млрд 914 млн сом акча каражат жумшалды. Учурда ипотекалык компаниянын порталында 36 миң 378 онлайн кайрылуу катталып, анын 11 миң 461и бекитилген. 3 миң 703 кайрылуу банкта автоматташтырылган кезекте турат",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев мамлекеттик турак-жай саясатын ишке ашырууну мониторингдөө боюнча Координациялык кеңештин жыйынын өткөргөн. Анда "Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында сатып алынган турак жайлардын параметрлерин өзгөртүү маселеси каралган. Тагыраагы, кеңири талкуунун жыйынтыгы боюнча турак жайдын 1 чарчы метринин максималдуу баасы 60 миң сомдун ордуна 70 миң сомго чейин көтөрүлгөн.

Тэги: мамлекеттик ипотекалык компания турак жай программасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу