Жыл башынан бери аймактарда 133 үй-бүлө ипотекага ээ болду

10.03.2023, 10:28 Акчабар
Жыл башынан бери аймактарда 133 үй-бүлө ипотекага ээ болду

Ушул жылдын январь жана февраль айларында Кыргызстандын аймактарында 133 үй-бүлө 250 миллион сомго жакын турак жайга ээ болушту. Бул тууралуу “Мамлекеттик ипотекалык компания” билдирди.

Маалыматка ылайык, ипотекалык насыялар Бишкек жана Ош шаарларынан башка өлкөнүн аймактарындагы жарандарга өнөктөш банктар аркылуу кезексиз берилүүдө.

Германиянын KFW программасы боюнча мамлекеттик ипотека "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" ЖАК, "РСК Банк" ААК жана "Коммерциялык банк Кыргызстан" ААК банктары аркылуу берилет. 

Белгилей кетсек, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын максаты жарандарды арзан турак жай менен камсыздоо, ипотекалык насыялоо жана эконом-класстагы турак жай курулуш секторуна финансылык ресурстарды тартуунун узак мөөнөттүү туруктуу механизмдерин ишке ашыруу.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу