Жыл башында керектөө баалары жана тарифтер 1,5% жогорулады

09.03.2023, 10:30 Акчабар
Жыл башында керектөө баалары жана тарифтер 1,5% жогорулады

Быйыл январь айында мурунку айга салыштырмалуу өлкө боюнча керектөө баалары жана тарифтеринин өсүшү 1,5%ды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат. 

Мында азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктар - 1,8%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары - 1,7%га, азык-түлүк эмес товарлар - 1,6%га, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө болгон тарифтер  - 0, 6%га жогорулаган. 

Быйыл январь айында эң көп жашылчаларга  болгон баа  - 14,5%га өскөн. Мындан тышкары, картошка - 7,8%, күрүч - 3,3%, балык - 2,5%, сүт азыктары, сыр жана жумуртка - 2,3%га кымбаттаган. Муну менен катар, малдын майы - 1,7%га, гречка - 1,4%га, жылкы эти - 0,8%га жана канттын баасы - 0,3%га төмөндөгөн. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу