Akchabarsearch
Аламүдүн районунда 459 млн сомдук жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2026-09-06, 15:15

Аламүдүн районунда 459 млн сомдук жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районунда аянты 32.6 гектар болгон жайыт жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, 2011-жылы А.Сыдыков айыл аймагындагы жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жайыт категориясынан башка категорияга өткөрүлүп, аукцион өткөрүлбөстөн жеке менчикке берилген.

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында базар баасы 459 млн 84 миң сомду түзгөн жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.


Тектеш материалды окуу