Akchabarsearch
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө токтомго өзгөртүүлөр киргизилди

Жарыяланган

2026-16-02, 14:45

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө токтомго өзгөртүүлөр киргизилди

Министрлер кабинетинин “Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ички рыноктун иштешин камсыз кылуу, продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу максатында иштелип чыккан.

Бул токтом менен 2027-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба балыгы үчүн тоюттун салык салынуучу жеткирүүлөрүнө кошумча нарк салыгынын ставкасы 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө белгиленди.


Тектеш материалды окуу