Akchabarsearch
Балбай айылында 64 млн сомго жаңы бала бакча курулду
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-07-11, 16:42

Балбай айылында 64 млн сомго жаңы бала бакча курулду

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай айылында наркы 64 миллион сомду түзгөн жаңы бала бакчанын курулушу соңуна чыгып калды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Долбоор боюнча бала бакча 100 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу имараттан турат.

Бөбөктөрдүн коопсуз жана ыңгайлуу шартта тарбияланышы үчүн бардык талаптар эске алынып, курулуш иштери заманбап үлгүдө жүргүзүлүүдө.

 


Тектеш материалды окуу