
Жарыяланган
2026-09-06, 14:42Бишкекте автобустар (электр автобустар) 1-июлдан тарта түнкүсүн каттай баштайт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров билдирди.
Ал азыр Асанбай – “Манас” аэропорту каттамы боюнча автобустар түнкүсүн жүрүп жатканын белгилеп, эми 1-июлда накталай төлөм жоюлгандан кийин калган каттамдар боюнча да автобустар түнкүсүн иштей баштай турганын айтты.
Анын айтымында, түнкү каттамда жүргөн автобустар 40 мүнөт сайын каттап турат. Алар түнкү саат 22:00дон таңкы саат 05:00го чейин иштейт.
Эскерте кетсек, буга чейин мэр Айбек Жунушалиев Бишкекте автобустарды түнкүсүн да каттамга чыгаруу пландалып жатканын, жол кире 50 же 70 сом болорун кабарлаган.



