
Жарыяланган
2026-09-06, 16:28Бишкекте 1-июлдан тарта накталай төлөм алынбай калат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров билдирди.
Анын айтымында, азыр автобуска түшкөн жарандар жол кирени накталай жана накталай эмес төлөйт. Накталай төлөм бар болгондуктан, автобус айдоочуларына күн сайын белгилүү бир суммада акча чогултуу боюнча план коюлат. Эми 1-июлда накталай төлөм жокко чыгарылгандан кийин ал план деген нерсе да жоюлат.
Капаров билдиргендей, айдоочулар да жол кире алып, танлон берип, акча кайрып, жолдон алаксыбай, автобус гана айдайлы, накталай эмес төлөм киргизип бергиле деп суранган.



