
Жарыяланган
2026-09-06, 18:31Учурда Бишкектин автобустарында жол кирени төлөө үчүн накталай эмес төлөмдүн беш түрү бар. Бул тууралуу “Тулпар” долбоорунун директорунун орун басары Бекжан Акматбеков “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, азыр “тулпардын” карталары, банк карталары (Visa, Mastercard, Элкарт), Google Pay, NFC жана QR-код менен жол кире төлөсө болот.
Эскерте кетсек, Бишкекте 1-июлдан тарта автобустарда жол кирени накталай төлөөдөн баш тартуу пландалууда. Шаар бийлиги 1-июлдан кийин жол кирени накталай эмес төлөй албагандар автобуска түшүрүлбөй турганын билдирген.



