Akchabarsearch
Чет элдик номерлүү унаалар: Мыйзамдаштыруу акысы канча сом болору белгилүү болду

Жарыяланган

2026-09-06, 11:40

Чет элдик номерлүү унаалар: Мыйзамдаштыруу акысы канча сом болору белгилүү болду

Чет элдик номерлүү унааларды кошумча мыйзамдаштыруу 1-июлда башталып, 1-сентябрга чейин уланат. Бул тууралуу коомдук талкууга чыгарылган өкмөттүн токтом долбоорунда айтылат. 

Маалым болгондой, Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрына чейин алып келинген чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштырууга болот. Унаа өлкөгө качан алып келингени тууралуу маалымат мамлекеттик мааламыттык системада жок болсо жана аны документ түрүндө ырастоого мүмкүн болбосо, унаа өлкөгө 2024-жылдын 30-декабрында алып келинген деп эсептелет (аны мыйзамдаштырууга мүмкүн болот). 

Мыйзамдаштыруунун акы буга чейинкидей эле калат: унаасынын кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубга жетпегендер 50 миң сомдон, 2 кубдан ашкандары 100 миң сомдон төлөйт. Ошондой эле чет элдик номерлүү электр унаа ээси 50 миң сомду төлөш керек болот. 

Чет элдик номерлүү унаасын мыйзамдаштырган адам аны сатпайм, чет өлкөгө чыгарбайм жана башка бирөөгө айдаганга бербейм деген милдеттенме алат. 

Унаанын ээси аны эки учурда гана аялына же балдарына (же камкорчуга) калтыра алат. 

1. Мыйзамдаштырылган унаанын ээси каза болсо, темир тулпар аялына же балдарынын бирине мураска калат.

2. Мыйзамдаштырылган темир тулпардын ээси акыл-эсинен ажырап, өз кыймыл-аракетине жооп бере албай калса, унааны аялы же балдарынын бири (же камкорчусу) айдап жүргөнгө уруксат.

Мыйзамдаштырылган унаага 10-региондун коду жазылган мамлекеттик номер берилет. 

Чет элдик номерлүү унаасын 1-сентябрга чейин мыйзамдаштырбагандар темир тулпарын өлкөдөн чыгарып кетсе же тетиктерге бөлүп сатса болот. Кааласа темир тулпарын утилицизацияга бере алат. 

Аталган талаптардын бирин аткарбагандардын унаалары айып короосуна коюлуп, кийин соттун чечими менен утилицизацияга жөнөтүлөт. 

Эскерте кетсек, чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу биринчи ирет 2025-жылы 1-апрелден 1-октябрга чейин жүргөн. Жалпы 30 миңден ашык унаа мыйзамдаштырылып, бюджетке 1.8 млрд сомдон ашык акча түшкөн. 

Бирок былтыр унаасын мыйзамдаштырууга жетишпей калган жарандар дагы бир мүмкүндүк берүүнү суранып, бийлик органдарына кайрылып келишкен. Эми аларга дагы бир мүмкүндүк берилгени жатат.  Бул жолу үлгүрбөй калгандар унааларын мыйзамдаштыра албай калат. 


Тектеш материалды окуу