
Жарыяланган
2025-17-03, 12:38Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажыбаев Каржы министрлигинин 50 кызматкерине Түркияда эс алуу үчүн сертификаттарды тапшырды.
Алар ар бири эки кишиге эсептелген жана мындай сапардын баасы ачык булактардагы маалыматтарга караганда, болжол менен 500 долларды түзөт.
Депутаттын айтымында, бул демилге ведомствонун ишине кошкон салымы үчүн мамлекеттик кызматкерлерди сыйлоо жана министрликтин мындан аркы ишмердүүлүгүнө алгылыктуу эффект жаратууга багытталган. Депутат мындай жол менен алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип жатканын баса белгиледи.



